Мурда тынчтык самасак, эми суроо-талабыбыз пайда болду – баткендик тургун

Аймак 12 октябрь 2026 14:30

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Баткен районунун Көк-Таш айылына спорт комплексин куруу маселеси президент Садыр Жапаровдун Баткен шаарынын жана районунун тургундары менен жолугушуусунда көтөрүлдү.

Жолугушууда жергиликтүү тургун балдардын спорт менен машыгуусу үчүн жашыл аянтча жана спорт комплекси керек экенин белгиледи.

"Биринчи Элдик курултайда бизге эң башкысы тынчтык керек экенин айткан элем. Эми чек аралар чечилип, тынчтык өкүм сүргөндөн кийин башка муктаждыктар пайда болду. Мына биздин айылда жакшынакай мектебибиз бар, бирок окуучулардын спорт менен машыгуусуна жана ойноосуна ылайыктуу жашыл аянтча жок", - деген аксакал ошондой эле Көк-Таш айылына спорт комплексин куруу өтүнүчүн билдирди.

Президент Садыр Жапаров тургундун өтүнүчү кабыл алынарын айтты.