Мунайдын баасы: Brent'тин бир баррели 104 доллардан сатылууда

Дүйнө Загрузка... 12 Май 2026 18:15
WhatsApp Image 2026-05-12 at 09.08.19.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Мунайдын баасы өсүүсүн улантып, Brent'тин бир баррели 104 доллардан сатылууда. Бул тууралуу Казинформ жазды.

Маалыматка ылайык, Лондондун ICE Futures биржасында Brent мунайы 2,68 долларга (2,65%) жогорулап, баррели 103,97 долларды түздү.

Нью-Йорк товардык биржасынын (NYMEX) электрондук соодасында WTI мунайы 2,59 долларга (2,71%) жогорулап, баррели 98,01 долларга жетти.

Өткөн аптада мунайлардын баасы 6%дан ашык төмөндөгөн болчу.

Saudi Aramco компаниясынын башкы директору Амин Насердин пикиринде, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал бир нече жумадан ашык созулса, мунай рыногундагы азыркыдай абал 2027-жылга чейин сакталат.