Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Мунайдын баасы басаңдап, Brent’тин бир баррели 91,9 долларды түздү. Бул тууралуу Интерфакс кабарлайт.
Маалыматка ылайык, күн мурун мунайдын баасы өсүшүн басаңдатты. Лондондун ICE Futures биржасында Brent бир баррелине 91,86 доллар болду.
Нью-Йорк товардык биржасында (NYMEX) WTI чийки мунайы 3,82 долларга (4,58%) көтөрүлүп, бир баррели 87,27 долларды түздү.
Инвесторлор Эл аралык энергетика агенттигинин пландарын, ОПЕКтин отчетун, АКШнын запастары боюнча маалыматтарды жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды баалап жатышат.
Дүйнөлүк мунайга болгон суроо-талап 2026-жылы суткасына 1,38 млн баррелге өсүп, 106,53 млн баррелге жетери айтылууда.