Мунай тармагындагы коррупциядан келтирилген зыяндын негизги бөлүгү өндүрүлдү

Укук тартиби Жүктөлүүдө... 28 Июль 2026 10:20
mvd-850x560.jpg

Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Мунай тармагындагы коррупциялык схема боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын негизги бөлүгү өндүрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү улантууда.

Тергөөнүн версиясы боюнча, "Кыргызнефтегаз" ААК жана "Кыргызгаз Петролеум Компани" ЖАК компанияларынын айрым кызмат адамдары күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатууга байланышкан коррупциялык схеманы уюштурушкан. Анын кесепетинен мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Тергөө учурунда айыпталуучу Т.Ш.К. мамлекетке келтирилген зыяндын негизги бөлүгүн өз ыктыяры менен төлөп берген. Ушуга байланыштуу соттун чечими менен ага карата колдонулган бөгөт чарасы камактан үй камагына өзгөртүлдү.

Учурда кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу жана мамлекетке келтирилген зыянды толук өндүрүү боюнча тергөө иштери уланууда. Тергөө аяктагандан кийин кылмыш иши сотко жөнөтүлөт.