Бишкек, 10.03.26 /Кабар/. Дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы кескин кымбаттоодон кийин кайра арзандап, баррелине 100 долларлык чектен төмөн түштү. Бул тууралуу Bloomberg агенттигине таянып, Известия билдирди.
Маалыматка ылайык, күн мурун Intercontinental Exchange (ICE) биржасында мунайдын бир баррелинин баасы 120 долларга чейин көтөрүлгөн. Бирок кийинчерээк баа төмөндөп, учурда болжол менен 95 доллардын тегерегинде турат.
Баанын төмөндөшүнө Group of Seven (G7) өлкөлөрүнүн билдирүүсү таасир эткен болушу мүмкүн. Алар дүйнөлүк энергетикалык камсыздоону колдоо үчүн бардык чараларды көрүүгө даяр экенин, анын ичинде стратегиялык мунай резервдерин колдонуу мүмкүнчүлүгүн да карап жатканын билдиришкен.
Андан сырткары, бул арада АКШ айрым өлкөлөргө карата мунайга байланышкан санкцияларды убактылуу жеңилдетүүгө даяр экенин билдирилди. Президент Дональд Трамптын айтымында, мындай чечим дүйнөлүк рыноктогу мунай баасын төмөндөтүү максатын көздөйт.
Ошондой эле ал дүйнөдө тынч кырдаал түзүлсө, санкцияны кайра киргизүүнүн зарылдыгы болбой калышы мүмкүн экенин кошумчалады.