Мугалимдерди ноутбук менен камсыздоого 2024-жылы бюджеттен 672 млн сом бөлүндү

Билим 26 Февраль 2025 14:11
dsc_9395.730x0.jpg
dsc_9386.730x0.jpg
WhatsApp Image 2025-02-26 at 11.04.45.jpeg
Алдыга
Артка
dsc_9395.730x0.jpg
dsc_9386.730x0.jpg
WhatsApp Image 2025-02-26 at 11.04.45.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Акназик Тургунбаева

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. 2024-жылы өлкөдө мугалимдерге ноутбук менен камсыздоого мамлекттик бюджеттен 672 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүү тармагына биргелешип сереп салуу программасы” жыйынында белгилүү болду.

Маалыматта айтылгандай, өлкөнүн тарыхында биринчи жолу “Алтын Казык” программасынын алкагында мугалимдер акысыз ноутбук менен камсыздалды.

Ноутбуктар И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин “Технопарк” мекемесинин базасында чогултулуп, ноутбуктарга “Санарип кампа” “Электрондук күндөлүк” тиркемелери киргизилди.