Муфтияттын кызматкерлери Ташкентте калган зыяратчылардан кабар алды

Коом
Муфтияттын кызматкерлери Ташкентте калган зыяратчылардан кабар алды

Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкерлери Өзбекстандын Ташкент шаарында кичи ажылыкка уча албай калган кыргызстандык жеринен кабар алды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

"Ташкентте калган зыяратчылар менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Азыр бул жердеги 54 киши ыйык сапарга учуу алдында турат. Калганы мекенге кайтууга ыраазы болушту. Кудай буюрса, маселелер оң жагына чечилип жатат", – деп билдирди муфтийдин орун басары Шакир ажы Маматов. 

Эскерте кетсек, кечээ, 18-ноябрда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жыйындар залында Ажылык жана умра сапарларына даярдык көрүү иштери боюнча мекемелер аралык комиссиянын чукул отуруму болуп өткөн.

Жыйында учурда Өзбекстандын Ташкент шаарынын аэропортунда умра сапарына уча албай калган кыргызстандык зыяратчылардын абалы жана аларды мекенге кайтаруу маселеси каралган.