Имамдарга стипендия муфтияттын өздүк бюджетинен бөлүнөт

Коом Загрузка... 21 Май 2025 15:28
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. Кыргызстанда расмий каттоодон өткөн мечиттерде кызмат өтөгөн имамдарга стипендия муфтияттын өздүк бюджетинен бөлүнөт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Максат Атабаев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 3 миң 830 мечит расмий каттоодон өткөндүктөн, апрель айынан тартып, 3 миң 830 имам айына 8 миң сомдон стипендия ала башташты.

Маалымдалгандай, бул чечим дин кызматкерлерин колдоо, диний тармакты бекемдөө жана коомдогу туура диний түшүнүктү өнүктүрүү максатында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын демилгеси менен ишке ашууда.

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз Закиров буга чейин имамдар эч кандай айлык, стипендия албастан кызмат кылып, агартуу иштерин аткарып келишкендигин билдирди.

“Биздин өлкөдө бүгүнкү күндө 4 миңге чукул мечитибиз бар. Алардын ичинен учурда 3 миң 830 мамлекеттик каттоодон өткөн мечиттерибиз өзүнүн кызматын өтөп келе жатат. Мына ушул мамлекеттик каттоодон өткөн мечиттердин имамдары болгон диний кызматкерлерге стипендия бере баштадык. Бул дагы Кыргызстанда, диний чөйрөдө тарыхый бир учур болуп эсептелип калды. Буга чейин аймактардагы, айылдардагы имамдарыбыз эч бир айлык, стипендия албастан элибизге, жерибизге, мекенибизге өзгөчө динибизге кызмат кылып, агартуу иштерин аткарып келишкен. Мындан ары Муфтият ай сайын имамдарга стипендияны чегерип берип турабыз”,- деди муфтий.

Белгилей кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаров III Элдик курултайдын делегаттарынын суроолоруна жооп берип жатып, 2025-жылдын март айынан тарта мечит имамдарына 8 миң сомдон, жылдын аягына барып 20 миң сомго чейин айлык төлөнө турганын айткан. Бул боюнча “Кабар” агенттиги каржы маселеси кайсыл булактардан алынарына кызыгып, мамлекет башчыга суроо узатып, төмөнкүдөй жооп алган.

“Келе жаткан жылдын март айында ар бир айылдын молдосуна 8 миң сомдон бериле баштайт. Ал эми жылдын аягына барып ар бир айылдын молдосу 20 миң сомго жакын айлык ала башташат. Бул каражаттар бюджеттик каражаттар эмес. Мурда муфтият тараптан көңүл бурулбаган каражат булактарын мечиттер тарапка, тагыраагы молдолорго буруп берүү жагына жардам берип жатабыз. Биз светтик өлкө катары динге кийлигишпейбиз. Дин тармагы мамлекеттик иштерге кийлигишпейт. Ошондуктан мамлекеттик бюджеттен акча каражатын бөлүп бере албайбыз. Бирок биз, мамлекет, колубуздан келишинче башка маселелерде муфтиятка жардам берүүгө даярбыз”, - деп билдирген президент.

Муфтияттын билдирүүсүндө дин - элдин жүрөгүн, коомдун багытын, жаш муундун рухий дөөлөтүн калыптандырган күчтүү институт. Андыктан, имамдарга берилген бул каражат жөн гана эмгек акы эмес, бул дин кызматкерлеринин эмгегин баалоо. Бул аракеттер аркылуу имамдардын көз карандылыгы азайып, калыс, жоопкер жана өз милдетин так аткарууга мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

Ошондой эле бул кадам радикалдуу идеологиялардын алдын алып, Кыргызстандын өзүнө таандык, мурасчыл, салттуу ислам баалуулуктарын коргоо жана өнүктүрүү жолунда чоң салым болоорун Закиров өз сөзүндө белгилеген.

Эскерте кетсек, муфтиятты, имамдарды колдоо багытында мамлекет тарабынан өткөн жылы республиканын райондорунун имамдарына ата мекендик өндүрүштөн чыккан Chevrolet үлгүсүндөгү 40 даана кызматтык автоунаалар тапшырылган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын март айында президенттин колдоосу менен өлкө аймагындагы 9 казыга жана 40 райондук имам-хатибге 29 кызматтык унаа тапшырылган.