Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам Кыргызстан умра (кичи ажылык) сапарын убактылуу токтотту. Бул чечим коопсуздук чаралары катары кабыл алынган.
7-мартта Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында мекемелер аралык жыйын өтүп, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал турукташканга чейин кыргызстандыктардын умра сапарына баруусун убактылуу токтотуу чечими кабыл алынды.
Муфтийдин орун басары Жолдошбек Абдылдаев “Кабар” агенттигине билдиргендей, жыйынга мамлекеттик органдар, авиакомпаниялар жана туристтик фирмалар катышып, умра сапарын талкууга алышкан.

“Алдын ала билети бар жарандардын чыгымдарын авиакомпаниялар эсептеп чыгып, маселелерди чечүүнү талкууга алышты. Бирок азырынча так чечимдер кабыл алынган жок. Ошондой эле фирмаларга сапарларды убактылуу уюштурбай туруу сунушталды. Анткени ал жактан жарандарды эвакуациялоо иштери жүрүп жатат жана кайра жөнөтүүнүн кажети жок. Сапарларды кайра жандандыруу убактысы да белгисиз. Сапарды улантуу чечимин мамлекет кабыл алат,”-деди ал.

Абдылдаевдин айтуусу боюнча, зыяратчылардын көпчүлүгү “Jazeera Airways” авиакомпаниясы менен Кувейт аркылуу учуп барышкан. Ошондой эле түз каттам менен “Flynas” авиакомпаниясы аркылуу баргандар да бар. Мындан тышкары айрым зыяратчылар Дубай аркылуу сапарга чыгышкан.
“Учурда Дубай жана Кувейт багытындагы айрым каттамдар токтогондуктан, зыяратчылар Түркия жана Өзбекстан аркылуу кайтып келүүдө. Айрым умрачылар болсо билеттерди өз алдынча алып, учуп келип жатышат. Зыяратчылардын баары азырынча толук кайтып келе элек. Мамлекет тарабынан да эвакуация иштерин уюштуруу боюнча чаралар көрүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча, умра сапарына барган кыргызстандыктардын саны 6231 адам деп эсептелген. Бирок учурда алардын так саны боюнча маалыматтар такталып жатат”,-деп кошумчалады ал.
Ал эми ажылык сапар боюнча уюштуруу иштери күн тартибинде уланууда. Зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майда учуп кетишет.
“2026-жылга карата зыяратчыларга 6060 квота бөлүнүп берилген. Учурда квоталар толуп, визалар чыгып, иш учуу процессинде турат.
Сауд Аравиясы тарабынан эч кандай билдирүүлөр келе элек. Болбой калышы мүмкүн деген маалыматтар да азырынча жок. Мындай жагдай 2020-жылы пандемия учурунда да практика жүзүндө катталган. Баары даяр болгондон кийин зыяратчылар учпай калышкан. Бирок, ортодо авиа компаниялар, фирмалар менен келишим бар болгондуктан, кийинки жылы ошол эле зыяратчылар ажылык сапарга барып келишкен”-деп билдирди орун басар.
Ошондой эле ал белгилегендей, быйыл ажылык сапарга баруучулар жалпы 4 миң 650 доллар төлөшкөн. Зыяратчылар алгач 2 миң доллар төлөп каттоодон өтүшөт. Калган сумма виза, авиабилет, тамак-аш жана жатакана сыяктуу чыгымдар такталгандан кийин төлөнөт.
Эске салсак, 28-февралда АКШ менен Израиль Иранга сокку урган. Тегеран буга жооп катары ракета жана учкучсуз аппараттарды АКШнын аскердик базалары жайгашкан Бахрейн, Иордания, Катар, Кувейт, БАЭ жана Сауд Аравияга багыттаган. Учурда кырдаал турукташпай, токтоп калган айрым аба каттамдары кайра иштей элек.
Бул окуялардан улам өлкөдө убактылуу ведомстволор аралык штаб түзүлүп, учурда кыргыз жарандарын өлкөгө кайтаруу аракеттери улантылып жатат.
Эскерте кетсек, Сауд Аравиясы быйылкы ажылыкка кыргызстандыктар үчүн 6060 квота бөлгөн. Мурункулардан айырмасы, медициналык талаптар күчөтүлүп, курмандык чалуу баасы жалпы чыгымдардын сметасына камтылган.