Мозамбиктеги суу ташкынынан жарым миллиондон ашуун адам жабыркады

Дүйнө Загрузка... 20 Январь 2026 10:00
WhatsApp Image 2026-01-20 at 09.08.44.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 20.01.26 /Кабар/. Мозамбикте болгон катуу суу ташкынынын кесепетинен жарым миллиондон ашуун адам жабыркады. Бул тууралуу Известия билдирет.

Маалыматта белгиленгендей, табигый кырсыктын айынан көптөгөн үйлөр кыйрап, жолдорду суу каптаган, медициналык мекемелер олуттуу зыянга учураган.

Учурда жабыркаган аймактардагы калкка жардам көрсөтүүнүн көлөмү кеңейтилип, гуманитардык колдоо күчөтүлүп жатканы белгиленди.

Эске салсак, буга чейин, 6-январда Индонезияда да суу ташкыны катталып, кеминде 14 адам каза болгон. Дагы 18 киши жаракат алып, төртөө дайынсыз жоголгон. Коопсуздук чараларынын алкагында 444 тургун мектептерге жана чиркөөлөргө эвакуацияланган.