Москвада аномалдуу ысык: Кечээ акыркы 50 жылдагы рекорддук температура катталды

Дүйнө Загрузка... 20 Май 2026 09:10
cefcb37c-1d00-48db-9788-6c433e37af12.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Күн мурун, 19-майда Россиянын борборундагы температура рекордду жаңылап, 30,5 градуска чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу Казинформ агенттиги Гидрометеорологиялык борбордун сайтына шилтеме келтирип кабарлаган.

Маалыматка ылайык, Москва убактысы боюнча саат 15:10до Краснопресненская метро станциясынын имаратынын чатырындагы метеостанция 30,5 градус ысыкты көрсөткөн.

Бул күндүн мурунку рекорду 1979-жылы коюлган, анда температура 30,2 градуска жеткен болчу.

Ал эми 19-майдагы тарыхтагы эң суук күн 1893-жылы катталып, анда температура -2,2 градуска чейин төмөндөгөн.