Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Россиянын Москва облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалып, андан ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, КР ИИМ менен Россия Федерациясынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жана ыкчам маалымат алмашуунун жыйынтыгында, Москва облусунун Люберцы шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, 1986-жылы туулган А.У. аттуу жаран кармалган.
Кармалган жаран мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Ыкчам маалыматтарга ылайык, ал кылмыш дүйнөсүндө жогорку макамга ээ. Мындан тышкары, анын Россия Федерациясынын аймагында жашаган этникалык кыргыз ишкерлеринен акча талап кылуу менен байланышкан мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар экени аныкталган.
Тинтүүнүн жүрүшүндө кармалган жарандан "ТТ" үлгүсүндөгү тапанча жана ага тиешелүү 8 даана ок табылып, алынган.
Бул факты боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (куралды, анын негизги бөлүктөрүн жана ок-дарыларды мыйзамсыз алуу, өткөрүп берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Кармалган жаранга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынды.