Москвада кыргыз жараны Крокус Сити Холлдогу окуя боюнча пикири үчүн 3 жылга эркинен ажыратылды

Дүйнө Загрузка... 20 Февраль 2025 14:07
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Москванын экинчи Батыш райондук аскер соту 30 жаштагы Кыргызстандын жаранын Крокус Сити Холлдогу окуя боюнча "терроризмди актоо" тууралуу пикири үчүн күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.

Агенттиктин маалыматына ылайык, ал телеграм каналдардын бириндеги мигранттардын баракчасында "Азаматтар, мындай кылууга чоң дух керек, кармалып калышканы өкүнүчтүү" деп жазганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылды.

“Москва шаарындагы “Атриум” ЖЧКсында ток тутумдарын монтаждоочу болуп иштеген Абдинасир уулу Бекзат (Россия Федерациясындагы экстремисттердин жана террористтердин тизмесине киргизилген) Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн (терроризмге чакырык жасоо үчүн) күнөөлүү деп табылды. Ал үч жылга жалпы режимдеги түзөтүү колониясына эркинен ажыратылсын", - деп айтылат өкүмдө.

Мындан тышкары, сот ага эки жылга интернетке кирүүгө тыюу салып, кылмыш жасаган уюлдук телефонун мамлекеттин пайдасына конфискациялады. Ошондой эле сот аны камакка алуу учурунда алынган телефон сим-картасын жок кылууну буйруду.

Сотто ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, жасаган кылмышынын бетин ачууга салым кошкону жана жасаган ишине өкүнгөнү, жазаны жеңилдетүүчү жагдай катары эсептелгени айтылды.

Тараптардын талаш-тартышында прокурор аны төрт жылга эркинен ажыратууну суранды. Ошол эле учурда сот соттолуучунун камакта өткөргөн мөөнөтүн жаза өтөө мөөнөтүнө кошуп эсептеп, “күн менен сутка” формуласын колдонгон. Өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек жана ага даттанууга болот.