Москва районунда 1 млн сомдук мыйзамсыз тамеки аныкталды

Укук тартиби Загрузка... 13 Апрель 2026 18:08
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 13.04.26 /Кабар/. Салык кызматкерлери Москва районунун Беловодск айылында жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө акциздик маркасы жок тамеки продукциясын аныкташты.

Ведомстводон билдииршкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы суммасы болжол менен 1 млн сомду түзгөн 7 миң 540 куту акциздик маркасы жок тамеки продукцияларын андан ары сатуу максатында сакташкан.

Аталган факты боюнча тиешелүү актылар түзүлдү. Материалдар укуктук баа берүү жана мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилет.