Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Аймактагы кызматташтык экономикалык өнүгүү үчүн маанилүү. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын орун басары Татьяна Молчан Бишкекте өтүп жаткан Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасы үчүн БУУнун атайын программасынын (СПЕКА) экономикалык форумунда билдирди.
Татьяна Молчан бүгүнкү күндө бардык экономикалык багыттар салттуу жана техникалык-саясий чечимдерден тышкары санариптик өнүгүүгө да негизделиши керектигин белгиледи.
Анын айтымында, Кыргызстан аймактагы биринчи өлкө болуп БУУнун алкагында иштелип чыккан темир жол транспортун жөнөкөйлөтүү боюнча конвенцияга кол коюп, аны ратификациялады. Ошондой эле ал бүгүнкү форумдун жүрүшүндө бул багыттарды өнүктүрүү боюнча сунуштар талкууланып, чечимдер кабыл алынарын айтты.
“Биз аймактагы кызматташтык, айрыкча транспорттук байланышты жана экономикалык өнүгүүнү колдоп келебиз. Бүгүнкү диалогдун жыйынтыгында бул багытты дагы мындан ары кантип өнүктүрүү керек деген сунуштар айтылып, талкуулар болот деп ишенем”, - деди ал.
Белгилей кетсек, 2026-жылдагы СПЕКА экономикалык форуму
“СПЕКА аймагында туруктуу өнүгүү үчүн байланыштуулукту өнүктүрүү” аталышында ЭСКАТО жана БУУнун Европалык экономикалык комиссиясы тарабынан уюштурулууда.
Быйыл СПЕКАга Кыргызстан төрагалык кылып жатат.
Форумда туруктуу транспорт жана логистика, соода жеңилдетүү, электрондук коммерция жана санариптик байланыштуулук, чакан жана орто бизнес, инновациялар жана аялдар ишкердиги, инфраструктураны каржылоо багыттарында талкуулар пландалган.