Мирзиёев Орозо айт жана Ноорузга карата 392 адамга ырайым берди

Борбор Азия Загрузка... 20 Март 2026 11:05
WhatsApp Image 2026-03-20 at 10.07.24.jpeg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 20.03.26. /Кабар/. Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёевдин жарлыгы менен Орозо айт жана Нооруз майрамдарынын алдында жаза өтөп жаткан 392 адамга ырайым берилди. Бул тууралуу өлкөнүн Жогорку соту билдирди.

Ага ылайык, 223 адам жаза өтөөдөн толук бошотулду, 82 адам мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулду, 34 адамдын эркинен ажыратуу жазасы жеңилирек жазага алмаштырылды, ал эми 53 адамдын жаза мөөнөтү кыскартылды.

Ырайым берилгендердин арасында 3 чет өлкөлүк жаран, 26 аял, 60 жаштан ашкан 14 адам, 166 жаш жаран жана тыюу салынган уюмдардын ишине катышкан 24 адам бар.

Тиешелүү мамлекеттик органдарга ырайым берилген жарандарды үй-бүлөсүнө кайтаруу, коомго аралашуусуна көмөк көрсөтүү, жумушка орноштуруу жана татыктуу жашоого багыттоо боюнча тапшырмалар берилди.