Ташкент, 13.11.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев расмий сайтына жарыяланган «Борбор Азия жаңы доордун босогосунда» аттуу макаласында аймакта тарыхый туугандыкка, маданий жалпылыкка жана өз ара ишенимге таянган жаңы регионалдык иденттүүлүк калыптанып жатканын белгиледи. Анын айтымында, өлкөлөр «дубал эмес, көпүрө куруп», тынчтык жана кызматташтык мейкиндигин түзүүдө.
Өзбекстандын президенти регион аралык алакалардагы негизги жетишкендик катары чек ара маселелеринин толук чечилишине токтолду. Кечээ эле мүмкүн эмес деп эсептелген маселе бүгүн реалдуулукка айланып, 2025-жылдын март айында Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан ортосунда чек аранын түйүшүү чекити боюнча келишимдин жана Худжанд декларациясынын кабыл алынышы тарыхый окуя катары бааланды. Муну менен мамлекеттер көз карандысыздык алгандан бери биринчи жолу жалпы чек аралар толук юридикалык жактан такталып, ондогон жылдар бою чыңалууга себеп болуп келген маселеге чекит коюлду.
Мирзиёевдин айтымында, октябрь айында өткөн Фергана тынчтык форуму Фергана өрөөнүндө тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого болгон чыныгы саясий эркти көрсөткөн. Мурда курч талаштарды жараткан суу-энергетикалык тармакта да олуттуу оң жылыштар бар. Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстандын Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорун биргелешип ишке ашыруу боюнча макулдашуусу региондогу суу ресурстарын рационалдуу пайдалануунун жаңы барагын ачууда. Ал эми, Ташкент менен Бишкектин Чашма булагын биргелешип пайдалануу боюнча келишими өз ара түшүнүшүүнүн маанилүү үлгүсү катары белгиленди.
Өзбекстан президенти гуманитардык жана маданий байланыштар аймактык биримдикти бекемдөөнүн маанилүү факторуна айланып жатканын кошумчалады. Аял-лидерлер диалогу, Жаштар платформасы, ректорлор жана окумуштуулар форумдары өңдүү жаңы аянтчалар Борбор Азияда жалпы маданий-маалыматтык мейкиндикти калыптандырууга өбөлгө болууда. Ошондой эле чек аралардын ID-карталар аркылуу ачылышы, туризмдин кеңейиши жана өз ара сапарлардын көбөйүшү өлкөлөр ортосундагы ишенимди арттырууда.
Расмий маалыматка ылайык, акыркы 8 жылда Борбор Азия мамлекеттеринин биргелешкен ИДПсы 2,5 эсеге өсүп, 520 млрд долларга жеткен. Аймактын тышкы соодасы эки эседен ашык көбөйүп, 253 млрд долларды түздү. Өлкөлөр ортосундагы өз ара соода 11 млрд долларга жетсе, өз ара инвестициялар 5,6 эсеге көбөйгөн.