Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 9-сентябрда Кыргызстанда комуз күнү белгиленет. Бул күнгө карата маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев кыргызстандыктарды комуз күнү менен куттуктады.
Министр кыргыз менен комуз эзелтен бери эриш-аркак жашап, ата-бабаларыбыз үч кылдуу комуз аркылуу өз тарыхын, кубаныч-кайгысын, арман-үмүтүн күүгө салып, муундан муунга өткөрүп келгенин белгиледи.
“Комуз — жөн гана музыкалык аспап эмес. Ал — кыргыз элинин тарыхынын, дүйнө таанымынын, улуттук эс-тутумунун жана рухунун үнү. Анын ар бир кайрыгында Ала-Тоонун деми, элибиздин басып өткөн жолу жана улуттук мүнөзү камтылган. Залкар комузчуларыбыз менен күүчүлөрүбүздүн мурасы кылымдарды карытып, бүгүнкү күнгө чейин жетти. Азыр кыргыз комузунун күүсү дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жаңырып, элибиздин бай маданиятын жана улуттук жүзүн тааныткан маанилүү символго айланды. Айрыкча жаш комузчуларыбыздын таланты жана чыгармачылык изденүүсү бизге чоң үмүт жана сыймык тартуулайт. Алар улуу өнөрдүн уңгусун сактап, кыргыз күүсүн жаңы бийиктиктерге көтөрүп, дүйнөлүк маданий мейкиндикке алып чыгууда", - деди министр.
Ошондой эле Мирбек Мамбеталиев мамлекет тарабынан улуттук маданиятты жана руханий мурастарды сактоо, өнүктүрүү, аларды жаш муундарга жеткирүү багытындагы иштер мындан ары да ырааттуу улантыларын айтты.
"Комузду сактоо — улуттук эс-тутумубузду, тарыхыбызды жана руханий дүйнөбүздү сактоо. Ушул жаркын майрамда бардык комузчуларга, күүчүлөргө, өнөр адамдарына жана комузду аздектеген жалпы мекендештерибизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Комуздун күүсү кыргыз барда жаңыра берсин! Кыргыз күүсүнүн мукам добушу Ала-Тоодон ааламга тарасын! Ар бир үйдө комуздун күүсү үзүлбөсүн! Комуз күнүңүздөр менен! Касиеттүү комузубуз кылымдан кылымга жашай берсин!”, - деп куттуктады министр.