Минскиде кыргызстандык жоокерлерди эскерүү митинг-реквиеми өттү

Коом 2248 02 Май 2025 19:53
IMG_5650.jpeg
IMG_5642.jpeg
IMG_5643.jpeg
IMG_5644.jpeg
IMG_5645.jpeg
IMG_5646.jpeg
IMG_5647.jpeg
IMG_5648.jpeg
IMG_5649.jpeg
IMG_5651.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_5650.jpeg
IMG_5642.jpeg
IMG_5643.jpeg
IMG_5644.jpeg
IMG_5645.jpeg
IMG_5646.jpeg
IMG_5647.jpeg
IMG_5648.jpeg
IMG_5649.jpeg
IMG_5651.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Элчилик

Бишкек, 02.05.25. /Кабар/. Минск шаарында Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин эстелигинин алдында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына жана Беларусту бошотуу үчүн салгылашкан кыргызстандык жоокерлерди эскерүү митинг-реквиеми өттү.

Элчиликтен билдиришкендей, иш-чарага Беларусь Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, КМШга мүчө-мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери, КМШнын Аткаруу комитетинин жана ЕАЭБ Сотунун өкүлдөрү, Минск шаарында жашаган кыргызстандыктар, Октябрь районунун коомдук уюмдарынын, ишканаларынын жана жаштар кыймылынын өкүлдөрү катышты.

Элчи Эрбол Султанбаев өз сөзүндө Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында фашисттик баскынчыларга каршы күрөштө кыргызстандык жоокерлердин кошкон салымын белгилеп, согуштун оор жылдарын жана жалпы Жеңишти эстеп калганы үчүн бардык белорус элине ыраазычылык билдирди.

Октябрь районунун чыгармачылык топтору ардагерлер тууралуу ырларды окуп, согуш жылдарындагы ырларды аткарышты. Митингдин соңунда катышуучулар Жумаш Асаналиевдин эстелигине гүл коюшту.