Минск 335 чакырымдык гирлянда жана 629 жарыктандырылган фигуралар менен кооздолду

Дүйнө Загрузка... 15 Декабрь 2025 09:10
1bdec461-e9df-40f1-b404-576bbe089491.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.12.25. /Кабар/. Минск Рождество жана Жаңы жылга карата 335 чакырымдык гирлянда жана 629 жарыктандырылган фигуралар менен кооздолду. Бул тууралуу "Мингорсвет" ишканасынын директорунун биринчи орун басары жана башкы инженери Евгений Стаселович СТВ каналында билдиргенин БелТА жазды.

Маалыматка караганда, борбор калаадагы бардык майрамдык жарыктандыруулар электр энергиясын үнөмдөөчү каражаттар болуп саналат. Мурдагы лампалар 15-25 ватт (бир бирдик) сарптачу. Бүгүнкү күндө бир метрлик гирлянда 1 ваттка чейин гана электр энергиясын сарптайт.

"Быйыл кооздоо үчүн колдонулган гирляндалардын узундугу 30 километрден ашты. Минсктеги майрамдык композиция 700 миң кВт/саат электр энергиясын үнөмдөйт деп айтсак болот", - деп белгиледи Евгений Стаселович.