Бишкек, 10.06.26 /Кабар/. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунда 10 чакырымга чейинки бөлүктөрдө иштер жүрүүдө. Бул тууралуу “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоорунун алкагында "Кабар" агенттигине транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев билдирди.
Министрдин айтымында, учурдагы артыкчылыктуу багыттардын бири - жол жана темир жол курулушуна байланышкан ири долбоорлорду өз убагында ишке ашыруу жана алардын жүрүшүндө жаралган маселелерди ыкчам чечүү.
Солтобаев мисал катары Кытайга чыгуучу үчүнчү коридор болгон Барскоон – Бедел жолу жана Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун атады.
Анын айтымында, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу — жалпы узундугу 305 чакырымды түзгөн ири инфраструктуралык долбоор. Долбоор өткөн жылы башталып, анын ичинен 105 чакырымы туннелдерден турат.
“Дээрлик үчтөн бир бөлүгүн туннелдер жана казуу иштери түзөт. Азыркы учурда пландын негизинде темир жолдун ар кайсы тилкелеринде 10 чакырымга чейинки бөлүктөрүндө иштер жүргүзүлүүдө”, — деди Солтобаев.