Бишкек, 12.01.25 /Кабар/. Бүгүн, Маликов, 91 дарегинде жайгашкан “Мурас” турак жай комплексинен 1080 батир ээллерине тапшырылды. Тапшыруу аземине президент Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан билдиришти.
Белгиленгендей, экинчи этап аркылуу 8 блоктон турган, 64 672 чарчы метрди түзгөн төмөндөгүдөй санда батирлер берилди:
- 1 бөлмөлүү - 360 батир;
- 2 бөлмөлүү - 432 батир;
- 3 бөлмөлүү - 288 батир.
Белгилей кетсек, долбоор 39 блоктон турган, жалпы 4 754 батирди камтыган турак жай комплексин курууну көздөйт. Буга чейин 986 батир жайгашкан 11 блок пайдаланууга берилген.
Экинчи этап пайдаланууга берилгенден кийин, тапшырылган батирлердин жалпы саны 2 066ны, ал эми курулуштун калган көлөмү 2 688 батирди түзөт.
Долбоор 2024-жылы старт алып, аны ишке ашыруунун болжолдуу наркы 4 млрд 166 млн сомду түзөт.