Дээрлик 5 кг: Ошто баңгизат саткан ири топ кармалды

Укук тартиби 19 Февраль 2026 18:28
634850023_1307784948037170_2067551522985482269_n.jpg
633804371_1307784831370515_5874827756707893122_n.jpg
633804371_1307784888037176_8570274119192444943_n.jpg
635231206_1307784791370519_3332312987961172631_n.jpg
635250816_1307784838037181_5365074624452731645_n.jpg
635598972_1307784958037169_1767654092347642120_n.jpg
636717564_1307784981370500_199044399518911575_n.jpg
636921021_1307784908037174_1672582146556407041_n.jpg
637230106_1307784781370520_1284756000086379657_n.jpg
637344210_1307784871370511_8057391436311420981_n.jpg
638780781_1307784918037173_8908512049490409367_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ИИМ

Бишкек, 19.02.26. /Кабар/. Ош шаарында өтө ири өлчөмдөгү баңгизат сатуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Аталган факты боюнча "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Белгиленгендей, кылмыштуу ишмердүүлүккө бөгөт коюу үчүн бир нече этап менен атайын операция жүргүзүлгөн.

Алгач милиция кызматкерлери 1995-жылы туулган С.О.Б. аттуу жарандын "Дэу Нексия" унаасын тинтип, 101 грамм гашиш жана 155 миң сом табышкан.

Андан кийин 1989-жылы туулган Д.С.С. аттуу шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда кызматтык иттин жардамы менен 4 кг 600 грамм гашиш, эки даана РГД-5 гранатасы, колго жасалган ок атуучу курал, 51 ок жана 2 миң доллар, 87 миң сом табылган.

Мындан соң кылмыштуу топтун башчысы катары 1982-жылы туулган К.С.С. аныкталып, ал буга чейин баңгилик кылмыштары үчүн чет мамлекеттерде бир нече жолу соттолгондугу белгилүү болду. Анын үйүнөн да баңгизат табылды.

Учурда бул кылмыштуу топко тиешеси бар башка жарандарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.