Милиция кызматкерине пара берүүгө аракет кылган жаран кармалды

Укук тартиби Загрузка... 26 Февраль 2026 17:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ИИМ

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Бишкек шаарында милиция кызматкерлерине пара берүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Милициянын кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан чет мамлекетте катталган Toyota Crown үлгүсүндөгү унааны жасалма мамлекеттик номур менен башкарып жүргөн К. А. аттуу жаран кармалган. Мыйзам бузуу фактысынан улам унаа атайын айып токтотуучу жайына киргизилген.

Андан кийин К. А. аттуу жаран унаасын кайтарып алуу максатында инспекторлорго пара катары акча берүүгө аракет кылган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан аталган жаран милиция кызматкерине акча берип жаткан учурда кармалып, тергөө органдарына өткөрүлүп берилди.

Учурда аталган факт боюнча тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.