Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. 2029-жылдын 13-апрелинде Жерге өтө жакын учуп өтө турган Апофис астероидин дүйнө калкынын көпчүлүгү байкай алат. Окумуштуулардын маалыматы боюнча, болжол менен 7,6 миллиард адам бул сейрек кездешүүчү космостук көрүнүшкө күбө болушу мүмкүн экендигин Казинформ кабарлайт.
Маалыматка ылайык, астероидди изилдөө жана байкоого даярдык буга чейин эле башталган. Италиядагы Падуя университетинде өткөн эл аралык семинарда окумуштуулар Апофистин кайсы аймактардан жана кайсы убакта көрүнөрүн көрсөткөн атайын карталарды сунушташты.
Алардын айтымында, бул болжол менен миң жылда бир болуучу көрүнүш. Астероидди көрүү аба ырайына жана шаарлардагы жарыктарга байланыштуу болот. Апофис асманда жаркыраган метеорит сыяктуу көрүнбөйт. Ал жай кыймылдап бараткан кичинекей жарык чекитке окшош болот. Анын көрүнгөн кыймылы бир мүнөт ичинде Айдын толук дискинин көлөмүндөй аралыкты басып өтөт.
Анын эң жарык көрүнгөн учуру 13-апрелде саат 20:35ке туура келет. Бул учурда аны Африка, Азия, Түштүк Американын чыгыш бөлүгү жана Европанын айрым аймактарындагы тургундар жакшы көрө алышат.
Ошондой эле Апофис саат 21:45те Жерге эң жакын өтүп, планетадан болжол менен 31,6 миң чакырым алыстыктан учуп өтөт. Бул аралык айрым жасалма спутниктердин орбитасынан да жакын болгону менен, Жер үчүн коркунуч жаратпайт.
Астероид 2004-жылы ачылганда, алгачкы эсептөөлөрдө 2029-жылы Жер менен кагылышуу коркунучу бар деп айтылган. Бирок кийинки изилдөөлөр анын орбитасын тактап, мындай коркунуч жок экенин далилдеди. NASA агенттигинин маалыматына ылайык, ал жакынкы жүз жыл ичинде Жерге коркунуч жаратпайт.
Окумуштуулар бул окуяны космосту изилдөө жана астероиддерди байкоо үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк катары баалап жатышат.