Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы Чолпон-Ата шаарындагы 14-июлдан 20-июлга чейин күтүлгөн аба ырайынын божомолун таратты.
Ага ылайык, 14–15-июлдарда аталган шаарда мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 16–18-июлдарда, ошондой эле 19-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми 19-июлдун күндүзү айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 20-июлга караган түнү да жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал.
14-июль: түнкүсүн 16…18 күндүз 23…25
15-июль: түнкүсүн 15…17 күндүз 25…27
16-июль: түнкүсүн 15…17 күндүз 27…29
17-июль: түнкүсүн 16…18 күндүз 27…29
18-июль: түнкүсүн 17…19 күндүз 27…29
19-июль: түнкүсүн 17…19 күндүз 26…28
20-июль: түнкүсүн 17…19 күндүз 25…27