Бишкек, 23.04.26 /Бишкек/. Америкалык технологиялык компания Meta АКШдагы кызматкерлеринин иш-аракетин көзөмөлдөө үчүн жаңы программалык камсыздоону киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Reuters агенттигине таянып Kazinform кабарлады.
Жаңы система Model Capability Initiative (MCI) деп аталып, кызматкерлердин жумушчу компьютерлериндеги чычкан кыймылдарын, басууларын жана клавиатурадагы баскычтарды каттайт. Мындан тышкары, программа мезгил-мезгили менен экрандагы маалыматтын сүрөтүн да тартып турат.
Компаниянын айтымында, бул демилгенин негизги максаты - жасалма интеллект моделдерин өркүндөтүү. Айрыкча, адам менен компьютердин өз ара аракетин толук кандуу кайталоо кыйын болгон учурларда, реалдуу мисалдарды топтоо маанилүү.
Эксперттер мындай технологиялар кызматкерлерди туруктуу жана реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө жол ачарын белгилешүүдө. Буга чейин мындай ыкмалар көбүнчө курьерлер же убактылуу кызматкерлер үчүн колдонулуп келген.
АКШда федералдык деңгээлде кызматкерлерди көзөмөлдөөгө олуттуу чектөөлөр жок. Бирок айрым штаттарда иш берүүчү кызматкерлерге көзөмөл бар экенин жалпы түрдө маалымдоого милдеттүү.
Ал эми Европада мындай практика катуу чектелиши мүмкүн. Мисалы, Италияда кызматкерлердин өндүрүмдүүлүгүн электрондук көзөмөл аркылуу текшерүүгө мыйзам тыюу салат. Германияда болсо клавиатурадагы басууларды каттоо өзгөчө учурларда гана — мисалы, олуттуу кылмышка шектенүү болгондо уруксат берилет.
Буга чейин Meta компаниясы VR-долбоорлорго кеткен чыгымдарды кыскартууну жана кызматкерлердин санын азайтууну пландап жатканы да маалым болгон. Компания 20-майдан тарта дүйнө жүзү боюнча кызматкерлеринин 10%ын кыскартууну көздөп жатат жана жыл соңуна чейин кошумча кыскартуулар болушу мүмкүн.