Месси дүйнө чемпионатынын жарым финалынын мыкты оюнчусу деп табылды

Дүйнө Загрузка... 16 Июль 2026 10:43
foto-emocii-lionelya-messi-posle-vyhoda-argentiny-v-final-chm-2026_178415222745393613.avif

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Аргентинанын курама командасынын капитаны Лионель Месси Англияга каршы өткөн дүйнө чемпионатынын жарым финалдык беттешинин мыкты оюнчусу деп табылды. Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) расмий сайтында маалымдалды.

15-июлда Аргентина Англияны 2:1 эсебинде жеңип, катары менен экинчи жолу дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Месси эки голдук пас берип, командасынын жеңишине чоң салым кошту.

Бул турнирде аргентиналык футболчу жети оюндун бешөөндө беттештин мыкты оюнчусу деп табылды. Ал буга чейин тайпалык этапта Алжирди (3:0) жана Австрияны (2:0) жеңген оюндардан кийин, ошондой эле 1/16 финалда Кабо-Вердени (3:2) жана 1/8 финалда Египетти (3:2) уткан беттештерден соң да ушул сыйлыкка татыган.

Дүйнө чемпионатынын финалында Аргентинанын курама командасы 19-июлда Испания менен беттешет.