Мексиканын сенаты иш жумасын 40 саатка кыскартууну колдоду

Дүйнө Загрузка... 12 Февраль 2026 09:25
WhatsApp Image 2026-02-12 at 08.32.11.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 12.02.26 /Кабар/. Мексиканын сенаты иш жумасын 48 сааттан 40 саатка кыскартуу боюнча конституциялык реформаны жактырды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жогорку палатанын жыйынында мыйзам долбоору 115 добуш менен кабыл алынып, 15 сенатор каршы добуш берди. Эми документ Конгресстин төмөнкү палатасынын кароосуна жөнөтүлөт.

Жаңы тартип 2026–2030-жылдар аралыгында этап-этабы менен ишке ашырылат. Бул демилгени декабрь айында президент Клаудия Шейнбаум сунуштаган.

Бийликтеги Morena партиясынын өкүлдөрү иш жумасын кыскартуу эмгекчилер үчүн маанилүү жетишкендик болорун белгилешти. Алардын айтымында, эмгек шарттарын жакшыртуу Мексиканын аймактагы позициясын бекемдеп, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырат.

Ал эми оппозициядагы “Жарандык кыймыл” партиясы башкачараак сунуш киргизди. Алар иш сааттарды кыскартуунун ордуна беш күндүк иш тартибин жана эки эс алуу күнүн мыйзам менен бекитүүнү, мында айлык акы сакталуусун сунушташты.