Мексикада иш жумасы 2030-жылга чейин 40 саатка кыскарат

Дүйнө Загрузка... 26 Февраль 2026 10:10
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 26.02.26 /Кабар/. Мексиканын парламенти иш жумасын этап-этабы менен 48 сааттан 40 саатка чейин кыскартуу мыйзамын жактырды. Бул тууралуу Казинформ кабарлайт.

Маалыматта белгиленгендей, мыйзам долбооруна 500 депутаттын 469у добуш берип, каршы добуш бергендер болгон жок. Ал дээрлик 10 саатка созулган талкуудан кийин өттү.

Бул демилгени президент Клаудиа Шейнбаум өткөн жылдын декабрында көтөргөн. Мыйзам 2027-жылдан тартып күчүнө кирет. 2030-жылга чейин жыл сайын жумуш убактысын 2 сааттан кыскартуу каралууда.

Реформа Мексиканын эмгек тармагындагы көйгөйлөрдү да көрсөттү. Өлкө Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмуна кирген 38 мамлекеттин ичинде эмгек өндүрүмдүүлүгү жана айлык акы боюнча эң акыркы орунда турат. Орточо кызматкер жылына 2226 сааттан ашык иштейт. Бул адамдар жумушка көп убакыт коротуп, жеке жашоого аз убакыт калтырат дегенди билдирет. Андан тышкары, иштегендердин 55 пайызга жакыны расмий эмес тармакта эмгектенип, толук социалдык кепилдиктерди ала албайт.

Ошондой эле бул мыйзам толук күчүнө кириши үчүн аны өлкөдөгү штаттардын мыйзам чыгаруу органдарынын үчтөн экиси колдошу керек.

Белгилей кетсек, коңшу Аргентина тескери багытта кадам жасоодо. Президент Хавьер Милеи иш күнүн 8 сааттан 12 саатка чейин узартууну жана кошумча сааттар үчүн төлөмдөрдү чектөөнү караган мыйзам долбоорун колдоого алган. Документти Конгресстин төмөнкү палатасы жактырды, эми акыркы чечим Сенатта кабыл алынат.