Медер Абакиров Улуу Британиянын Лорддор палатасынын мүчөсү менен жолукту

Саясат 1311 17 Февраль 2025 11:25
3c95fa1e-5bfa-38f1-8456-342d52f6abb4.jpg
0ea4b4f1-786f-341c-9b12-8521f5d739cd.jpg
7a1a49e1-ec32-3157-93a0-478bcabb705d.jpg
Алдыга
Артка
3c95fa1e-5bfa-38f1-8456-342d52f6abb4.jpg
0ea4b4f1-786f-341c-9b12-8521f5d739cd.jpg
7a1a49e1-ec32-3157-93a0-478bcabb705d.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Улуу Британиянын Лорддор палатасынын мүчөсү - баронесса Манзила Удин менен эки тараптуу жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптардын жолугушуусу Абакировдун Улуу Британияга болгон иш сапарынын алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты жана аларды активдештирүү боюнча мындан аркы аракеттерди талкуулашты.

Мындан тышкары, Oppenheimer Europe, Citi Group, Societte Generale жана ICBC Standart Bank сыяктуу ири финансылык компаниялар жана банктар менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргызстанда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү жана перспективалары кеңири талкууланды.