Силикон беткаптар жана автоматтар: ИИМ 15 адамдан турган кылмыштуу топту кармады

Укук тартиби 843 04 Март 2026 10:20
645478020_1318227306992934_9162969617580916811_n.jpg
645308846_1318227243659607_3304807477453504620_n.jpg
628516575_1318227183659613_6555788050163651159_n.jpg
645419645_1318227133659618_8626612962641210487_n.jpg
645431604_1318227273659604_1724466694474198140_n.jpg
645441369_1318227073659624_6931533566740109169_n.jpg
645468040_1318227100326288_1451971291153686054_n (1).jpg
645468040_1318227100326288_1451971291153686054_n.jpg
645474845_1318227163659615_1008267642182836746_n.jpg
645485730_1318227076992957_8379364343592039122_n.jpg
645601406_1318227213659610_7438085127798632061_n.jpg
646374295_1318227340326264_1783206760271299774_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ИИМ

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Ички иштер министрлиги 15 адамдан турган уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалгандар мурда бир нече жолу соттолгон жана УКТнын активдүү мүчөлөрү катары каттоодо турган. Алардын өзгөчө ири өлчөмдөгү уурулук жана каракчылык фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталды. Кылмышкерлер административдик имараттарды, соода объектилерин жана кеңселерди тоноо менен алектенишкен.

Кылмыш жасоодо топтун мүчөлөрү аялдын жүзү түшүрүлгөн реалдуу силикон беткаптарды, париктерди жана башка ыкмаларды колдонушкан. Келтирилген жалпы материалдык зыян 25 млн сомду түзөт.

Атайын операциянын алкагында кармалгандар:

  • 1980-жылы туулган М. Б. А. – мурда 5 жолу соттолгон (адам өлтүрүү, каракчылык, уурулук);
  • 1991-жылы туулган Т. уулу Т. – мурда 3 жолу соттолгон;
  • 1988-жылы туулган К. С. Д. – мурда 14 жолу соттолгон;
  • 1994-жылы туулган Ж. Д. Т. – мурда 5 жолу соттолгон;
  • 1988-жылы туулган Ч. З. С. – мурда 5 жолу соттолгон;
  • 1991-жылы туулган Т. уулу У. – мурда соттолгон;
  • 1988-жылы туулган О. М. Д. – мурда 6 жолу соттолгон;
  • 1991-жылы туулган М. уулу Э. – мурда 3 жолу соттолгон;
  • 1988-жылы туулган Э. А. Р. – мурда соттолгон.

Тинтүү учурунда топтун мүчөлөрүнөн сейф ачуучу профессионалдык жабдыктар, радиостанциялар, GPS-трекерлер, сигнализация өчүргүчтөр, ошондой эле автомат, Макаров тапанчасы, Ф-1 гранатасы жана баңгизаттар табылган.

Тергөө аныктагандай, бул кылмыштуу топ абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адамдар (К.Н.Д., Э.Ж.О., Б.А.Т. ж.б.) менен тыгыз байланышта болгон. Эркиндиктегилер кылмыш жасаса, абактагылар жасалган кылмыштарды өздөрүнө алуу же тергөөгө жалган маалымат берүү менен алектенишкен.

Учурда бардык кармалгандар "Уюшкан топту түзүү же ага катышуу" беренеси боюнча айыпталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ыкчам-тергөө иштери улантылууда.