Араб Эмираттарынын Masdar компаниясынын жумушчу тобу Кыргызстанга келет

Экономика 1307 11 Февраль 2025 18:15
1024.jpg
67ab2f2a6014f.jpeg
Алдыга
Артка
1024.jpg
67ab2f2a6014f.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Бириккен Араб Эмираттарынын Masdar компаниясынын жумушчу тобу Кыргызстанга келет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Masdar компаниясынын аткаруучу директору Мухаммад Жамил Аль Рамахи менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Жолугушуу Дубайда өткөн Бүткүл дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин алкагында орун алды. 

Тараптар кайра жаралуучу энергия тармагындагы кызматташуу маселелерин, анын ичинде Кыргызстанда күн жана шамал энергиясын өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.  

Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанда жашыл энергетиканы өнүктүрүүнүн стратегиялык маанисин белгилеп, бул жаатта алдыңкы тажрыйбаларды жана инвестицияларды тартууга кызыкдар экенин билдирди. 

Өз кезегинде Masdar компаниясынын аткаруучу директору Мухаммад Жамил Аль Рамахи республиканын энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы жогорку потенциалын белгилеп, компания кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин ырастады. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы өз ара аракеттенүү жана долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу боюнча макулдашты. Үстүбүздөгү жылы компаниянын жумушчу тобу Кыргызстанга жөнөтүлөрү айтылды.