Бишкек, 17.12.25 /Кабар/. Марокконун Сафи провинциясындагы сел ташкынынан каза болгондордун саны 37ге жетти. Бул тууралуу “Аль-Ауаль” порталына таянып, ТАСС билдирди.
Маалыматка ылайык, кеминде 14 адам ооруканада дарыланууда. Буга чейин 21 адам каза болуп, 30дан ашуун киши жаракат алганы кабарланган.
Марокконун жергиликтүү маалымат каражаттары бул акыркы 10 жылдагы көп адамдын өмүрүн алган суу ташкыны экенин белгилешүүдө.
Учурда куткаруу иштери улантылып, дайынсыз жоголгондорду издөө жүрүп жатат.
Нөшөрлүү жаандан улам Сафи шаарына кеминде 70 турак жай жана соода жайлары суу алдында калып, жолдун бир бөлүгү жабыркаган.