Мароккодогу суу ташкынынан эки өспүрүм каза болду

Дүйнө 9 февраль 2026 10:10
Мароккодогу суу ташкынынан эки өспүрүм каза болду

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Марокконун түндүгүндөгү Тетуан провинциясында 5 киши бараткан унааны суу ташкыны агызып кеткенден кийин 2 өспүрүм каза болуп, дагы 3 адам дайынсыз жоголду, деп ТАСС Hespress порталына шилтеме берип билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык Эль-Багагзада болгон. Жарандык коргонуу күчтөрү тарабынан уюштурулган куткаруу операциясынын жүрүшүндө 2 өспүрүмдүн сөөгү табылган.

Окуя болгон жерде жана анын тегерегиндеги аймактарда издөө иштери катаал аба ырайына жана куткаруу аймагындагы суу ташкынынын деңгээлинин жогорулашына карабастан уланып жатканы айтылды.