Марк Цукерберг Майамиде 170 млн долларга үй сатып алды

Дүйнө Загрузка... 04 Март 2026 15:40
WhatsApp Image 2026-03-04 at 12.47.34.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 04.03.26 /Кабар/. Meta компаниясынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг жана жубайы Присцилла Чан Флорида штатындагы Индийан-Крик жасалма аралынан 170 миллион долларга үй сатып алышты. Бул тууралуу Казинформ кабарлайт.

Маалыматта белгиленгендей, бул Майами шаарынын тарыхындагы эң кымбат турак жай болуп саналат. Индийан-Крик аралында өтө бай адамдар көп жашагандыктан “миллиардерлер бункери” деп аталат. Аралда Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос, инвестор Карл Айкандын да үйлөрү бар. Арал XX кылымда түзүлгөн, аянты болжол менен 120 гектар.

Марк Цукербергтин жеке байлыгы Meta компаниясынын акцияларынын баасынын эсебинен акыркы жылы 200 миллиард доллардан ашкан.