Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Маңка-Жар коктусундагы сел сактоочу жайды көрүп, ага жакын жайгашкан конуштун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көчмө текшерүүнүн жүрүшүндө учурда коктунун аймагында сел жүрүү коркунучу болжолдонбой турганы, ал эми аба ырайынын шарттары калкка жана шаардык инфраструктурага коркунуч жаратпасы белгиленди.
Белгиленгендей, абал шаардык кызматтардын туруктуу көзөмөлүндө.
“2023–2024-жылдары жакынкы конуштагы үйлөрдү суу каптап, айрымдар бул маселени чече албайбыз дешкен. Бирок өз убагында жана координацияланган чаралардын аркасында 2025-жылы суу каптоого жол берилген жок. Аткарылган иштердин алкагында 6 миң тонна таштанды чыгарылды, ал эми жаңы сел сактоочу жайлар 42 миң куб метрге чейин сууну кармап турууга мүмкүнчүлүк берет”, — деди мэр.
Муну менен катар, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгы менен биргеликте суу каптоонун алдын алуу боюнча комплекстүү чаралар ишке ашырылганы айтылды. Атап айтканда, Маңка-Жар коктусундагы эки суу ташкынына каршы дамба 1615 куб метр көлөмүндө тазаланды. Ошондой эле Төмөнкү жана Жогорку Орок айылдарынын аймагында, Семетей – Мотуке уулу Жакыпбай көчөсүндө эки сел сактоочу жай курулуп, айланасы тосулду.
Эске салсак, буга чейин нөшөрлүү жаан-чачындан улам Арча-Бешик, Жер-Ынтымагы жана Орок конуштарындагы үйлөрдү суу каптаган. Көрүлгөн чаралардын негизинде 260тан ашуун турак жай мүмкүн болгон суу каптоодон жана табигый кырсыктын кесепеттеринен корголду.
Жолугушуунун жыйынтыгында Айбек Жунушалиев конуштун ичиндеги арыктарды тазалоону камсыз кылуу жана пландалган бардык иштерди белгиленген мөөнөттө аяктоо тапшырмасын берди.