Мандарин, лимон, апельсин өстүрүп, багбанчылык менен алектенген Бурулкан Карыбекова

Маек Загрузка... 26 Март 2025 17:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Каармандын өздүк архивинен

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Цитрус жемиштери Кытай, Бразилия, АКШ, Индия, Мексика, Испания жана башка өлкөлөрдө көбүрөөк өсөт. Кыргызстанда да багбандар цитрус жемиштерин өстүрүп, жылдан-жылга жыйнаган түшүмү мол боло баштады. Цитрус жемиштери температуранын өзгөрүшүнө чыдабагандыктан, аярлап өстүрүү ыкмаларын талап кылат. Бул ирет биз багбанчылык менен алектенген 62 жаштагы Ош облусунун тургуну Бурулкан Карыбекованын дыйкан чарбасына баш багып, мөмө-жемиштерди өстүрүү сырлары боюнча маектештик.

- Бурулкан эже багбанчылык дүйнөсүнө баш бакканыңызга канча убакыт болду?

- Биздин үй-бүлө алгач он жыл мурда 30 сотыхка күнөскана куруп, өзүбүз үчүн эле помидор өстүрүп баштаганбыз. Андан кийин бадыраң, болгар калемпирин өстүрдүк. Бара-бара аянтыбызды көбөйтүп отуруп, азыр Өзгөн районундагы 3 гектардан ашык чакан жерге жер-жемиш, мөмө-жемиштерди өстүрүп жатабыз.

- Цитрус жемиштеринин ичинен азыр лимондон башка, мандарин, апельсин да өстүрөт турбайсызбы. Аларды Кыргызстандын климаттык шартында өстүрүү кыйын эмеспи?

- Ооба. Биз Өзбекстандан лимондун көчөтүн алып келип, өстүрүп көрдүк. Сорту жакшы чыккандыктан, кабыгы жука, суулуу, ачуу эмес лимон алдык. Мындан улам биз анын да аянтын көбөйтүүнү чечтик. Былтыр 1 тоннага жакын лимон алдык. Лимон өстүргөндөн соң, мандарин менен апельсинди да отургузуп көрөлү дедик. Эки жыл мурда өстүрүп баштаганбыз, быйыл бала-чакабыз эле даамын татып көрдү. Банан да өстүрдүм, акырындан түшүм берип баштады. Анан дагы эмне өстүрсөм деп кызыгып, бир-эки түп авокадо, киви да тиккем. Азырынча гүлдөй элек. Ошондой эле брокколи, спаржа (карагат буурчак), брюссель капустасын да өстүрүп жатам.

- Өстүрүү ыкмалары боюнча кимден кеп-кеңеш алып турасыз?

- Азыр интернеттен пайдалуу кеңештерди карап турам. Ошондой эле өзбекстандык багбандан да кеп-кеңеш алабыз. Жазында аны өсүмдүктөрдү кыйыштырганга чакырып турабыз. Кесибим боюнча агроном болбосом да, өз алдынча багбанчылык менен алектенгенден бери аз да болсо тажрыйба топтоп калдым.

- Түшүмүңүздөрдү кайда сатасыздар?

- Көбүнчө социалдык тармактар аркылуу сатам. Көп жылдан бери бардык облустарда бизден соода кылган туруктуу кардарларыбыз бар, ошолор буюртма берип сатып алышат. Айрыкча Бишкекте сатып алуучуларыбыз көп. Мындан тышкары жарманкелерге да чыгып турабыз.

- Өндүрүлгөн түшүмдү сатып эле жибербей, кайра иштетип, экологиялык продукция чыгаруу мүмкүнчүлүгү барбы?

- Ооба, былтыртан бери кайра иштетүүгө да өттүк. Помидор, болгар калемпирин дүңүнөн саткандан кийин калгандарынан аджика, томат жасайбыз. Калдыктардан органикалык жер семирткич болгон биогумус жасаганга жөнөтөбүз.

Кыргызстанда айыл чарба тармагына эми көңүл бурулуп, өнүгүп жатат. Менин оюмча, биз башка өлкөлөр менен сапаттуу, таза, органикалык продукцияларды өстүрүп гана атаандаша алабыз. Жерди жакшы карап, жер семирткичтерди ашыкча колдонгондон алыс болушубуз керек. Биз органикалык продукция алуу максатында өсүмдүктөрүбүздү биогумуска өстүрөбүз. Аларды өзүбүз жасайбыз. Лимонду химикалык каражаттарды колдонбой өстүрөбүз. Кошумча киреше табуу, таза продукция өстүрүү үчүн биогумус жасоо боюнча окутууларды өткөрүп, кеп-кеңештерди берип турам.