Сокулуктун дыйкандары жүгөрү өстүрүү боюнча жарышат

Коом 29 Апрель 2025 12:42
139390145_4820884301315711_366636548790797837_n.jpg
WhatsApp Image 2025-04-29 at 12.39.50.jpeg
WhatsApp Image 2025-04-29 at 12.39.50 (1).jpeg
Алдыга
Артка
139390145_4820884301315711_366636548790797837_n.jpg
WhatsApp Image 2025-04-29 at 12.39.50.jpeg
WhatsApp Image 2025-04-29 at 12.39.50 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 29.04.25. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районундагы Кыргыз асыл тукум заводунда жүгөрү себүү боюнча сыноо-таймаш башталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен маалымдашкандай, таймашта 3 фермер өз тажрыйбаларына таянып, жүгөрүнү сээп, аны өз ыкмаларынын негизинде өстүрүшөт. Жыйынтыгында түшүмдөрү салыштырылат.

Биринчи фермер Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун адиси. Ал жерди эски салттык (жер семирткичтерди колодонуу, арыктан суугаруу) ыкма менен иштетет.

Экинчи адис Кореядан келген ишкер-дыйкан жүгөрүнүн 3 сортун сээп, өз өлкөсүндө кеңири колдонгон ыкма менен өстүрөт.

Ал эми үчүнчү адис “Агрохимия” ишканасынын жаш агроном кызматкери. Жаш адис жерди жаңы ыкма менен иштетип, жүгөрүнү өстүрүүдө тамчылатып сугарууну колдонуп, Чүй облусуна ыңгайлашкан жүгөрүнүн сортторун колдонот.

Министрликтен белгилешкендей, үч адистин сыноо-таймашы министрликтин тиешелүү адистеринин көзөмөлүндө болуп, анын жыйынтыгы күз мезгилинде чыгарылат. Ошого жараша жакынкы келечекте жүгөрүнү кайсыл ыкма менен өстүрүү сарамжалдуу жана кирешелүү экендиги аныкталат.