Манаста Көчмөндөр оюндарынын ачылышы чоң экрандан түз көрсөтүлөт

Аймак 27 августа 2026 12:30
8.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. Манас шаарындагы "Азаттык" аянтында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи чоң экрандан түз эфирде көрсөтүлөт.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, көрсөтүү 31-августта саат 20:00дө башталат.

"Ачылыш аземи Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлүүчү майрамдык иш-чаралардын алкагында көрсөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Шаар тургундары жана коноктору Көчмөндөр оюндарынын ачылышын аянттан чогуу көрө алышат.