Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Манас шаарында “Акылман” президенттик мектеп-лицейи курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирет.
Долбоорго ылайык, 360 орундуу окуу корпусу, 410 орундуу жатакана, мугалимдер үчүн турак жай, лабораториялар, китепкана, узундугу 25 метр болгон бассейн, спорт залы жана стадион каралган.
Учурда мектеп-лицейдеги курулуш-монтаждоо иштери аяктоо алдында турат. Объектти жаңы окуу жылынын башталышына карата, сентябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда.