Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Манас шаарында жүргүнчүлөр үчүн №1 жана №2 жаңы автобустук каттамдар ишке кирди. Бул тууралуу Манас шаарынын мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы каттамдар шаарды айланып өтүп, жаңы автобекет аркылуу жүрөт.
Мэриядан белгилешкендей, жаңы каттамдардын ишке кириши шаар тургундары үчүн коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган.
Каттамдардын жүрүү багыты төмөндөгү жол чиймесинде көрсөтүлгөн:
