Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Талас облусундагы "Манас Ордо" маданий-мемориалдык комплексинде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган маданий иш-чаралар уланууда.
Учурда айтыштын финалы өтүп жатат. Анда акындар өнөрүн көрсөтүп, төкмөлүк чеберчилигин, чечендигин, ошондой эле кыргыз элинин тарыхын жана маданиятын билгендигин сынашууда.
Майрамдык иш-чаралар 11-12-сентябрь күндөрү Талас шаарында өтүүдө. Программанын алкагында кыргыз элинин тарыхына, улуттук каада-салттарына жана руханий мурасына арналган бир катар маданий иш-чаралар да уюштурулууда.
Майрамдык иш-чаралардын негизги аянтчаларынын бири — "Манас Ордо" комплекси.