Бишкек, 08.08.25. /Кабар/. Учурда республика боюнча Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан 70 миңден ашык батир курулууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.

Маалымдалгандай, анын ичинен 51 миң 932 батир өлкөнүн аймактарында курулууда. Бул курулуштар 2030-жылга чейин аяктап, турак жайга муктаж үй-бүлөлөргө ипотекалык негизде кезек менен берилет.
Өлкөдө курулуп жаткан ипотекалык батирлердин саны төмөнкүдөй:
- Бишкек шаарында - 18 миң 310 батир;
- Чүй облусунда - 17 миң 905;
- Ысык-Көл облусунда - 7 миң 706;
- Нарын облусунда - 433;
- Талас облусунда - 319;
- Ош облусунда - 7 миң 232;
- Баткен облусунда - 4 миң 272;
- Жалал-Абад облусунда - 14 миң 065.
Акыркы маалымат боюнча азыркы учурда өлкөдө жалпы аянты болжол менен 4 млн чарчы метрден ашуун 70 миңден ашык батирдин курулушу жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, минкабдын жылдын 4 айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган май айында өткөн кеңешмесинде маалым болгондой, өлкөдөгү курулуп жаткан ипотекалык батирлердин 5 миң 615 батиринин курулушу быйыл аякташы күтүлүүдө. Мында Бишкекте жана Жалал-Абад облусунда эң көп сандагы батирлер берилмекчи.

- Бишкек шаарында - 2 миң 913 батир;
- Жалал-Абад облусунда -1 миң 530 батир;
- Нарын облусунда - 433 батир;
- Талас облусунда - 319 батир;
- Ысык-Көл облусунда - 420 батир.
Акыркы маалымат боюнча учурда жалпы 61 094 миңден ашуун жаран кезекке туруп, турак жай алууну күтүүдө. Кеңешмеде маалымдалгандай, 2025-жылы мамлекеттик бюджеттен турак жай курулушун каржылоо үчүн 40 млрд сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, үлүштүк курулуш механизми аркылуу 6,8 млрд сом тартылып, бул каражаттар дагы турак жай курулушун каржылоого багытталган. Ошондой эле Сауд өнүктүрүү фондунун 100 млн доллары жана Ислам өнүктүрүү банкынан 79 млн доллары курулуш иштерин каржылоого багытталгандыгы айтылды.
Бишкек шаарында курулуп жаткан ипотекалык батирлер байма-бай берилип, кезек аймактарга жетти. “Көз коркок – кол баатыр” дегендей, бир кезде катар курулуш башталган аймактагы батирлер четинен өз ээлерине тапшырылууда. Алгачкылардан болуп үстүбүздөгү жылдын май айында президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарындагы “Асман Резиденс-1” көп кабаттуу турак жай комплексиндеги ипотекалык үйлөрдүн ачкычтарын тапшырды. Мамлекет башчысы ачкычтарды тапшыруу аземинде белгилегендей, ипотекалык үйлөрдүн курулушу аяктаганда миңдеген кыргызстандыктар үй-бүлөсү менен “өз үйү – өлөң төшөгүндө” бактылуу жашоого мүмкүнчүлүк алышат.
Мында Жалал-Абад облусунда “Менин үйүм” программасынын алкагында 14 миңден ашык батирлер, анын ичинде Жалал-Абад шаарында, Таш-Көмүрдө жана Сузак районунда объектилер курулуп жатканы маалымдалды. Мисалы, жакынкы аралыкта берилүүчү 879 батирди кошкондо миңдеген үй-бүлөлөр жаңы батирлерге ээ болушмакчы, анын ичине Сузак айылындагы 240 батирлүү “Асман резиденс-5” комплекси кирет.

Өлкө аймактарында жергиликтүү тургундар үчүн ипотекалык турак жайларды куруу, жумуш орундарын түзүү абдан маанилүү. Анткени, учурда Бишкекте калктын саны өскөндүктөн, биринчиден шаардын инфраструктурасына жана экологияга өз таасирин тийгизүүдө. Ошондуктан аймактарды өнүктүрүү, социалдык тең салмактуулукту сактоо жана калктын борборго агылуусун азайтуу максатында облустарга ипотекалык үйлөр курулууда.
Жарандарыбыздын кийинки үйлүү болуу кубанычы Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында орун алмакчы. Бүгүн Караколдо Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган 420 батирдин ачкычы ээлерине тапшырылат. Маалыматка ылайык, турак жай комплекси “Хан-Теңири” деп аталып, ар бири 9 кабаттуу 10 блоктон турат. Буга чейин шаарда эң бийик көп кабаттуу батирлер 7 кабат болсо, эми алгачкы жолу 9 кабаттуу үй салынды. Белгилүү болгондой, даяр болгон турак жайлардын 50 пайызы кезекте турган жарандарга, калган 50 пайызы үлүштүк курулуш механизми менен алган жарандарга тапшырылат.

Мамлекеттик ипотекалык компания алдыдагы 5 жыл ичинде муктаж болгон жарандарыбызды турак жай менен толук камсыз кылууну максат кылып жатканын кошумчалады. Бул турак жай шарттарын жакшыртуу жана заманбап турак жай комплекстерин куруу боюнча мамлекеттик масштабдуу жана узак мөөнөттүү стратегиянын бир бөлүгү болуп саналат.