Мамлекеттик башкаруу академиясында каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

Укук тартиби 23 сентябрь 2025 12:35
WhatsApp Image 2025-09-23 at 12.30.23.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-23 at 12.30.28.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-23 at 12.30.27.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-23 at 12.30.26.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-23 at 12.30.25.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-23 at 12.30.24 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-23 at 12.30.24.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Эсептөө палатасы

Бишкек, 23.09.25 /Кабар/. Эсептөө палатасынын кеңеши президенттин алдындагы Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын 2020–2024-жылдардагы бюджети боюнча шайкештик аудиттин жыйынтыктарын карады.

Ведомстводон билдиришкендей, аудит учурунда бир катар финансылык жана башкаруу тартибинин бузуулары аныкталды. Атап айтканда:

  • Материалдык запастарда ашыкча көлөм катталган;
  • Жаратылыш газы боюнча колдонуу лимити ашырылган;
  • Улуттук маалыматтык технологиялар борбору отчетторду толук эмес жана кеч тапшырган;
  • Бишкек финансы-экономикалык техникумунда студенттердин контракттык төлөмдөрү боюнча карыздары бар экени аныкталган;
  • “Ак-Толкун” мамлекеттик ишканасы академияга берилген каражаттарды кечиктирип кайтарган.

Аудиттин жыйынтыгында Эсептөө палатасы аныкталган бузууларды жоюу, ошондой эле мамлекеттик ресурстарды башкарууда ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти күчөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыкты.