Мамкатчы кыргызстандыктарды Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы менен куттуктады

Аймак 11 сентябрь 2026 11:35
copyright icon Кабар

Талас, 11.09.26. /Кабар/. Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы менен куттуктады.

Ал Талас облусундагы "Манас Ордо" комплексинде "Кабар" агенттигинин кабарчысына берген комментарийинде бул мамлекеттик майрамдын маанилүүлүгүн белгилеп, өлкөгө тынчтык, биримдик жана бакубатчылык каалады.

"Бардык кыргызстандыктарды Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы менен куттуктайм. Өлкөбүзгө тынчтык, туруктуулук, биримдик жана өнүгүү каалайм", — деди Арслан Койчиев.