Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда медициналык кадрларды даярдоого, дары-дармектер менен камсыздоого жана медициналык кызматтарды калк үчүн жеткиликтүү кылууга өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Бул тууралуу Мальтанын саламаттык сактоо министри Аццопарди Мускат Самаркандда өткөн “Балдар онкологиясы жана гематологиясын дарылоодогу дүйнөлүк биримдик” аттуу саммиттин алкагында билдирди.
Анын айтымында, ал 2025-жылдын апрель айында Кыргызстанга келгенинде медицина тармагына, кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканына күбө болгон.
“Эгерде биз бул тармакты өнүктүрүүнү кааласак, медициналык кызматтардын жана дары-дармектердин эл үчүн жеткиликтүү болушу абдан маанилүү”, - деди ал.
Мальтанын министри Кыргызстанда дары-дармектер менен камсыздоо жана адистерди даярдоо маселелерине көңүл бурулуп жатканын белгиледи.
“Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов дары-дармектер менен камсыз кылуу жана квалификациялуу медициналык адистерди даярдоо маселелерине абдан көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Албетте, мунун бары калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө өбөлгө түзөт”,- деди ал.