Мальдив аралдары 50 жылдан кийин жашоого жараксыз болуп калышы мүмкүн

Дүйнө 34 10 Август 2026 14:00
image_l.jpeg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. Мальдив аралдарында жаш активисттер жаратылыш экосистемаларын сактоо жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтуу боюнча экологиялык демилгелерди күчөтүүдө. Бул тууралуу АЗЕРТАЖ Euronews агенттигине шилтеме берип билдирди.

Активисттер жакында ЮНЕСКОнун биосфералык коругуна жакын жерде жерди жасалма кеңейтүү иштерине каршы кайык менен акция өткөрүшкөн. Алар мындай долбоорлор мангр токойлоруна (өзгөчө дарак-өсүмдүктөр), коралл рифтерине (балыктар жана башка жаныбарлар жашаган экосистема) жана жээк аймактарына зыян келтириши мүмкүн экенин белгилешет.

Мальдив дүйнөдө деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө эң аялуу өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Эксперттер климаттын өзгөрүшү жакынкы ондогон жылдарда арал мамлекетине олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Өлкөдө жаштардан турган бир катар экологиялык уюмдар пляждарды жана коомдук жайларды тазалоо, пластик калдыктарын азайтуу жана коралл рифтерин таштандылардан арылтуу иштерин жүргүзүп келет.

Активисттер жаштардын экологиялык демилгелерге катышуусу климаттык коркунучтар алдында пайда болгон алсыздык сезимин жеңүүгө жана өлкөнүн келечеги үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө жардам берерин белгилешет.