Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы Тоскоол-Ата токой чарбасында токой фондунун жерлерин коргоо максатында 100 гектар аянтты тосуу пландалууда.
Токой кызматынын маалыматына ылайык, иштер "Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу" (АДАПТ) долбоорунун алкагында жүргүзүлөт. Учурда долбоорду ишке ашыруу үчүн керектүү материалдар жеткириле баштады.
Тосмо Гөлмүн токой бөлүмүнө караштуу тилкелердин бирине орнотулат. Бул иштер малдын көзөмөлсүз жайылышынын алдын алууга жана токой экосистемасын сактоого багытталган.