2025-жылдын 1-майына карата өлкөдө эт, сүт, жумуртка өндүрүүнүн көлөмү өстү деп Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, январь-апрель айларында эт өндүрүү өткөн жылга салыштырмалуу– 127,1 миң тоннага жетип, 3 пайызга өскөн.
Сүт дагы өткөн жылга салыштырмалуу – 437,6 миң тонна өндүрүлүп, 1,5 пайыз өстү.
Ал эми жумуртка өндүрүү 243,6 млн даанага жетип, 11,5% пайызга чейин өскөн.
Министирликтин билдирүүсү боюнча айыл чарба азыктарынын негизги түрлөрүнүн мындай өсүшү малдын жана үй канаттууларынын санынын көбөйүшү себеп болгон.
Калктын саны өсүп, кургакчылык мезгил көбөйгөн сайын айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү жана мал чарбанын продуктивдүүлүүгүн жогорулатуу абдан маанилүү. Себеби, бул азык-түлүк коопсуздук маселеси. Айыл чарба тармагы калкты тамак-аш, азык-түлүк менен үзгүлтүксүз камсыз кылып туруусу зарыл.

Кыргыз Республикасында айыл чарбасын өнүктүрүү - бул Кыргызстандын экономикасынын приоритеттүү багыттарынын бири. Бул тармак ИДПнын 1/5 бөлүгүн жана жумуш менен камсыздоонун 50% түзөт. Өлкөнүн калкынын 60% дан ашыгы айыл жеринде жашагандыктан, аларды жумуш менен камсыз кылуу маселеси да бар. Демек, экономиканын өсүшү жана өлкөнүн жарандарынын жашоо деңгээли айыл чарбасынын өнүгүшүнөн дагы көз каранды.
Ошондуктан, агрардык өнөр жайдын кирешесин жогорулатуу үчүн малдын өндүрүмдүүлүгүн жана өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу өтө маанилүү маселе бойдон калууда. Акыркы мезгилде айыл чарбада чоң аракеттер жасалып, жаңы технологиялары колдонулуп жатканын көрүп жатабыз.
Президент Садыр Жапаров азыр айыл чарба жерлерин сарамжалдуу пайдалануу өтө маанилүү экенин бир нече жолу айтып келген.
«Бир чарчы метрди да бош калтырбагыла. Буудай, арпа, картошка жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн сепкиле. Импортко көз каранды болбой, өзүбүздү өзүбүз камсыздоого умтулалы. Мамлекеттин максаты дал ушул,”-деп айткан өлкө башчысы «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде.
Азыр базарларда, дүкөндөрдө азык-түлүк тартыштыгы жок, баалар туруктуу экенин көрүп жатабыз. Эң негизгиси, базарлардын текчелеринде сунушталган бардык азык-түлүктөрдүн түрлөрүнөн ата мекендик өндүрүштүн үлүшү барган сайын олуттуу үлүшүн ээлеп келет. Бул инфляцияны ооздуктоонун, социалдык туруктуулуктун, азык-түлүк коопсуздугунун жана экономикалык суверенитеттин негизги факторлорунун бири.

Бул жагдайда экономист Кубат Рахимов айыл чарба тармагында чарбаларды ирилештирүү тенденциясы бар экендигинин жана анын маанилүүлүгүн белгилейт. Ири чарбалардын артыкчылыгы - атаандаштыкка жарамдуу баада продукциянын олуттуу көлөмүн бере ала тургандыгы.
«Кыргызстан мал этин, канаттуулардын этин, сүттү жана жумуртканы товардык өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүп жаткандыгы биздин туура багыт алганыбызды айгинелейт. Импортту алмаштыруу темасында дайыма экспорттук багытты караш керек, анткени продукцияны сыртка сатуу ири агроөнөр жай өндүрүш ишканалардын финансылык туруктуулугун камсыз кылып берет.
Албетте, азыр Кыргызстандын бийлиги чарбаларды ирилештирүү үчүн колдон келгендин бардыгын жасоолору зарыл. Себеби, агроөнөр жай комплексинин ири жана туруктуу ишканалары гана продукциянын бир нече эсе өсүшүн камсыз кыла алат.
Биз айыл чарбасында инновациялык технологияларга басым жасашыбыз керек. Бул боюнча талыкпай иштешибиз керек, анткени Кыргызстан негизинен тоолор жана бизде 7% гана айдай турган өрөөн жерлер бар”, - дейт Кубат Рахимов.

Кыргызстанда айыл чарбасын өнүктүрүүгө болгон мамиле акыркы жылдары өзгөрүүдө. Өлкөдө аяктап жаткан жазгы талаа жумуштарынын жыйынтыгы менен 2025-жылы республикада буудайдын, арпанын, картошканын, жашылчанын, коон-дарбыздын жана кант кызылчасынын аянттары көбөйгөнү ачык көрүнүп турат. Бул негизги азык-түлүк товарларынын баасын туруктуу кармап турууда чоң роль ойнойт. Мунун аркасында республика тышкы рынокторго көз карандылыгын азайтат.
Эксперттер белгилегендей, бул ата мекендик экономика үчүн маанилүү. Мурда өлкөдөн көп көлөмдө чыгып, чет жактан продукция сатып алууга жумшалган акча азыр Кыргызстанда калып, өзүнүн агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө жумшалууда. Мунун аркасында айыл чарба, мал чарба жана кайра иштетүү тармактарында туруктуулук сакталып, жаңы жумуш орундары түзүлүүдө. Бул азык-түлүк коопсуздугун да, макроэкономикалык туруктуулукту да камсыздайт.

Эксперттердин баамында, келерки айда талааларда жашылча-жемиштердин алгачкы түшүмү жыйнала баштаганда соода түйүндөрүндө баалар төмөндөйт. Ал эми өлкөдө азык-түлүк менен камсыз кылуунун жетиштүү резерви топтолгондо, азык-түлүк куржунунан негизги товарлардын наркы сезондук факторлордон улам азыраак көз каранды болот. Ошондуктан, биз өзүбүздүн жерибизде, климаттык шартында керектүү айыл чарба продукциялардын бардыгын өндүрүү маанилүү.